Ак калпак жана Кыргыз Республикасынын туусу

Бүгүн 02.03.2024-ж Масы айыл өкмөтүндө 3-март Кыргыз Республикасынын  желегинин кабыл алынган күнүнө карата жана 5-март Кыргыз элинин "Ак калпак" маарекеси бирге өткөзүлүп, Масы айыл өкмөтүндөгү ишканалардын кызматкерлери, жетекчилер, Масы айылынын тургундары катышты.
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков ,  айыл өкмөт башчысы Нарматов Азамат Эгембердиевич жана башка ишканалардын жетекчилери жалпы Кыргыз элине  ден-соолук кыргыз элинин Ак калпагын жана желектин ыйык экендигин даңазалап иштерине ийгилик каалап, өз каалоо-тилектерин жеткизишти, Кыргызстан өлкөсүнүн желеги ардайым бийиктикте желбиреп мырзалардын башынан Ак калпак түшпөй мекенибиз алдыңкы өлкөлөрдүн катарына жетерин айта кетти.