Ачык сынак

Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн административдик  муниципалдык  кызматынын улук административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн

ачык  сынак  жарыялайт

 

Административдик муниципалдык жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы  стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;

4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

7. Кыргыз Республикасынын  2017-жылдын  19-июлундагы № 127  “Электрондук башкаруу” Мыйзамы жөнүндө

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

 кадрларды каттоо баракчасы;

3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

резюме;

паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

 жогорку билимин тастыктаган дипломдун түп нускасы;

өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

эмгек китепчесинин түп нускасы;

Документтерди кабыл алуу  массалык маалымат каражаттарына  жарыяланган күндөн  тартып, 10(он) жумушчу күндүн ичинде  төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Kyzmat.gov.kg  порталы аркылуу электрондук түрдө арыздар кабыл алынат.

Д.Садырбаев айыл өкмөтү, Масы айылы, К.Султанов  көчөсү-112, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн  имараты. 

Байланыш телефондор: (03734) 5-04-19; 0777-72-15-79

Электрондук дареги: sadyrbaevd10@gmail.com 

Маалымат  www.sadyrbaev.gov.kg сайтында жайгаштырылган. 

 

Эскертүү:

-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.