АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫН БИРИГҮҮСҮ
Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын” алкагында жүргүзүлүп келе жаткан реформага байланыштуу 19.03.2024 күнү Масы, Арал, Шайдан айыл өкмөттөрү биригип Маданият үйүндө Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалайбек жыйын өткөрдү.
Масы айыл аймагы Дооронбек Садырбаев болуп өзгөрүп Бекибаев Алтынбек жетекчи болуп шайланды.