Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызматынын башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн административдик  муниципалдык  кызматынын башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык  сынак  жарыялайт

 

Административдик муниципалдык жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси”

3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;

5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”

7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамы 

9. Кыргыз Республикасынын маалымат алуу укугу жөнүндө мыйзамы

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн

• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

  1. сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;
  2.  кадрларды каттоо баракчасы;
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  4. резюме;
  5. паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);
  6.  жогорку билими;
  7. өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  8. эмгек китепчеси;

Документтерди кабыл алуу  массалык маалымат каражаттарына  жарыяланган күндөн  тартып, 10(он) жумушчу күндүн ичинде  төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Kyzmat.gov.kg  порталы аркылуу электрондук түрдө арыздар кабыл алынат.

Д.Садырбаев айыл өкмөтү, Масы айылы, К.Султанов  көчөсү-112, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн  имараты. 

Байланыш телефондор: (03734) 5-04-19; 0777-72-15-79

Электрондук дареги: sadyrbaevd10@gmail.com 

Маалымат  www.sadyrbaev.gov.kg сайтында жайгаштырылган. 

 

Эскертүү:

-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.