Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июлундагы ПЖ№137 Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июлундагы №137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндөгү” Жарлыгын аткарууга алып,ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-августундагы №01-15-120 каты буйругу иш-чаралар планынын негизинде Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-сентябрындагы №169 буйругу жана иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү,административдик жол жоболорду санариптештирүү иштери жөнгө салынган. Айыл аймак тургундары “Түндүк “ тиркемеси аркылуу маалыматтарды алуу үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “Түндүк” тиркемесин каттоодо дайыма жардам берип келишет.
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чектөөлөргө макулдук берүү жана кабыл алуу милдеттенмеси тааныштырылды.
Коррупцияга жол жок! Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот аттуу чакырык иретинде сөздөр жазылып илинген.
Масы, Арал, Шайдан айылдык маданият үйлөрүндө жана мектеп бала бакчаларда ата-энелер жыйындары өткөрүлгөн мезгилде зордук- зомбулуктун,суициддин жана укук бузуулардын алдын алдын алуу, коррупция жол жок аталышындагы тема боюнча ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери алып барылат.
№27 “Бирдик” жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Биз коррупцияга каршыбыз” деген темада окуучулар менен биргеликте диспуд өткөрүлгөн.
Д.Садырбаев айыл аймагында жайгашкан 19 бала бакчада балдарды кезеке коюу электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамынын электрондук каттоосунун тартибинин жобонун негизинде 1-июнь айына чейин каттоого турган жери боюнча ал эми 1-июндан тарта каалаган бош орундары бар жалпы орто билим берүүчү мектептеринде 1-класска окуучуларды электрондук түрдө каттоо жүргүзүлүп келет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №260-т тескемесине ылайык Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле жарандарга маалыматтарды (маалымкаттарды,билдирүүлөрдү) кагаз жүзүндө берүүнү токтотулуп, жарандарга “Түндүк” ЭВӨС аркылуу алууга түшүндүрүү иштериалып барылууда.


