МАСЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ 100 ЖАШТАН АШКАН КАРЫЯЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ

МАСЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ 100 ЖАШТАН АШКАН КАРЫЯЛАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ

Бүгүн Масы айыл өкмөт башчысы Азамат Нарматов Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Таалайбек Ишенбеков менен биргеликте Масы айыл аймагында жашаган 100 жаштан ашкан карыялардан  кабар алышты.

Таалайбек Ишенбеков өзүнүн белектерин жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Масы айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн акчалай белектерин тапшырды.

Масы айылынын тургуну 108 жаштагы Мээринса Эшиева. Ал 1915-жылы 2-июлда жарык дүйнөгө келген, Акыл Кулбаева 1919-жылы, Хосиятхон Шакирова энебиз 1920-жылы,   Сакалды айыл аймагынын тургуну Анаркан Кулматова энебиз 1921-жылы  жарык дүйнөгө келген. Азыркы учурда аталган энелерибиз бактылуу өмүр сүрүп ак баталарын берип жергебиздин көркү болуп турууда.  Район аймагындагы 80 жаштан ашкан бардык карыялардан үйүнө баруу менен кабар алуу, майрамдык маанай тартуулоо боюнча 1 айлыктын алкагында атайын иш чаранын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.